“Акшумкарлар” 3-орун үчүн Оман курамасы  менен  беттешет

Автор

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы борбор азиялык “CAFA Nations Cup-2023” турниринин алкагында 3-орун үчүн Оманга каршы ойнойт.

Эртең, 20-июнь күнү Бишкек убактысы боюнча  саат 19:30да  Ташкенттеги «Пахтакор» стадионунда CAFA Nations Cup-2023 турниринин алкагында 3-орун үчүн “Кыргызстан — Оман” беттеши өтөт.

Штефан Таркович жетектеген Кыргызстандын улуттук курама командасы күн мурун Ташкентке келип, оюнга даярдык көрө баштады. Улуттук курама командасынын машыктыруучулар штабы 23 оюнчуну чакырды.

Белгилей кетсек, «Ак шумкарлар» эл аралык мелдеште «В» тайпасында Афганистан жана Иранга каршы оюн өткөрдү. Алгач Афганистандын курамасын 1:0 эсебинде утса, Иранга каршы оюнда 1:5 эсебинде утулуп калды. Эки оюн тең Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Полиэтилен пакеттерди колдонууга бөгөт коюлат

Полиэтилен пакеттерди сатууга жана колдонууга бөгөт коюлган президенттин буйругу чыкканын министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди. Мындан улам министрлер баш болуп, Ысык-Көл облусунун бийлигине, мамлекеттик кызматтарына тапшырмалар берилди. Эми акимдер, айыл өкмөт башчылары жана тийешелүү жетекчилер базарда, дүкөндөрдө, соода – сатык жүргүзгөн аймактарда желим пакетти колдонбоого, анын ордуна […]

Сизге жагышы мүмкүн