Полиэтилен пакеттерди колдонууга бөгөт коюлат

Автор

Полиэтилен пакеттерди сатууга жана колдонууга бөгөт коюлган президенттин буйругу чыкканын министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди. Мындан улам министрлер баш болуп, Ысык-Көл облусунун бийлигине, мамлекеттик кызматтарына тапшырмалар берилди. Эми акимдер, айыл өкмөт башчылары жана тийешелүү жетекчилер базарда, дүкөндөрдө, соода – сатык жүргүзгөн аймактарда желим пакетти колдонбоого, анын ордуна кагаз пакет колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Бул аралыкта ар кандай конференциялар өтүп, полиэтилен пакеттердин зыяндуулугу түшүндүрүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Курман айт майрамы 28-июнда белгиленет

Быйыл Курман айт  майрамы 28-июнда белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 27-июнь арапа күнү, 28-июнь Курман айт майрамы. Мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири Курман айт Орозо бүткөндөн кийин 70 күндөн кийин болот. Орозо быйыл 21-апрелде аяктаган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн