Азиянын эң мыкты футболчулары аталды

Автор

Азия футболунун тарыхындагы эң мыкты оюнчулар аныкталды. Бул тууралуу атактуу “FourFourTwo” спорт журналы мыктылардын тизмесин жарыялады.
Маалыматка ылайык, тизменин сап башында «Тоттенхэмдин» түштүк кореялык лидери Сон Хён Мин турат. Тарых бою Азия континентинен дүйнөлүк чемпионаттын баштапкыларынан баштап, Европа чемпиондугунун жылдыздарына чейин көптөгөн таланттуу футболчулар чыккан. Журнал өз өлкөсүнө дүйнөгө атак-даңк алып келген 32 адамдын тизмесине азиялык атактуу футболчуларды кошкон.
“FourFourTwo” эксперттери бул рейтингдин башында Түштүк Кореянын, балким, бүткүл Азиянын спортунун супер жылдызы Сон Хён Минди койду. 31 жаштагы “Тоттенхэм Хотспурдун” чабуулчусу 2023-жылы Англиянын Премьер-Лигасында 100 гол киргизген алгачкы азиялык оюнчу катары тарыхта калды.
Азиянын мыкты футболчуларынын тизмесинде кийинки орунда ардагерлер: Ча Беом Геун (Түштүк Корея) жана Кейсуке Хонда (Япония) турат. Белгилей кетсек, бул рейтингге Япониядан 13, Түштүк Кореядан 7 өкүл кирген. Паулино Алькантара (Филиппин) жана Али Даеи (Иран) сыяктуу башка өлкөлөрдүн көрүнүктүү оюнчуларын айтпай коюуга болбойт.
Постсоветтик мейкиндиктеги оюнчулардын ичинен акыркы 32-орун өзбекстандык Эльдор Шомуродовго берилди, ал азыр италиялык Кальяриге ижарага берилген.

Бөлүшүү:
Next Post

14-февралга карата аба ырайы

Эртең, 14-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз күн ачык болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +10…+15, Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +13…+18, Ысык-Көл облусунда […]

Сизге жагышы мүмкүн