Кыргызстанда ат күрөшү боюнча биринчи чемпионат өтөт

Автор

Кыргызстанда биринчи жолу сентябрь айында  ат күрөшү боюнча чемпионат өтөт. Бул тууралуу  парламентте өткөн жыйында  спорттук иш-чараны   өткөрүү маселеси каралды.

Жыйынга Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурланбек Азыгалиев менен Спорт жана дене тарбия департаментинин директору Айбек Абдымомунов катышты.

Маалыматка ылайык, буга чейин Казакстандын Алматы шаарында 9 мамлекеттин башын бириктирген Бүткүл дүйнөлүк ат күрөшү федерациясы түзүлгөн.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө облустук, республикалык мелдештерге катышкан спортчулардын тамактануусуна каралган сумманы 83-109 сомдон көбөйтүү маселеси көтөрүлдү. Спортту өнүктүрүү жана колдоо жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштар айтылды.

Бөлүшүү:
Next Post

«Ай Кью» мектебинин  84 бүтүрүүчүсү  аттестат алмай болду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Токмоктогу “Ай-Кью” билим берүү комплексинин бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттарды тапшыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу  өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы ушундай жагдайдын түзүлүшүнө жол берген жооптуу адамдарга карата чара көрүүнү тийиштүү мекемелерге жана укук коргоо органдарына тапшырды. «Ошондой эле мындай көрүнүштөргө жол […]

Сизге жагышы мүмкүн