Элчинин үйү өрттөндү

Автор

11-июнь күнү кечинде Афганистандын мурдагы өкмөтүнүн Тажикстандагы элчиси Мухаммад Захир Агбардын атасынын үйү Панжширде күйүп кетти. Элчи өрт талиптердин иши экенин билдирүүдө.
«Талибан бул резиденцияны аскердик база катары колдонду. Бул өрттүн себептери жана аткаруучулары азырынча белгисиз, бирок жергиликтүү тургундар бул талиптердин өздөрүнүн иши экенин айтышууда», – деп жазат «8-и Субх» басылмасы.
Басылма Агбардын үйү үч кабаттуу экенин, анын экөөсү күйүп кеткенин маалымдайт.
Захир Агбар Афганистан өкмөтүнүн Тажикстандагы мурдагы элчиси.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Жапаров: “Биз кандай гана агрессор болбосун, тиешелүү жооп кайтарууга даярбыз”

Президент Садыр Жапаров  бүгүн, 13-майда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында “Биз кандай гана агрессор болбосун, тиешелүү жооп кайтарууга даярбыз”, – деп белгиледи. Президент өз сөзүндө өлкөнүн улуттук коопсуздугунун ажырагыс бөлүгү катары мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун үстүндө талыкпай иштөөнү уланта беребиз деди. “Биз кайсы бир башка өлкөгө кол салуу максатын көздөбөйбүз, андай […]

Сизге жагышы мүмкүн