Бишкекте кесиптик лицей жана колледждердин директорлугуна талапкерлер сынактан өтүүдө

Автор

Бишкекте Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде башталгыч жана орто кесиптик мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчиси кызматына талапкерлер тестирлөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тестке төмөнкү 4 багыттагы суроолор камтылган;

 

– КР мыйзамдары;

– башкаруу менеджменти;

– психология-педагогика;

– адистиги боюнча.

 

Тестирлөө эки нөөмөттө өткөрүлөт, кесиптик лицейлер боюнча 1 сменадагы тестирлөөгө:

 

– Бишкек шаарынан – 24;

– Чүй облусунан – 14;

– Талас облусунан – 9;

Ал эми орто кесиптик окуу жайлар боюнча 24 талапкер катышууда, жалпысынан тестке катышууга 140 жаранга уруксат берилген Тесттин жыйынтыгы автоматтык түрдө дароо чыгат.

Башталгыч жана орто кесиптик мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчиси кызматына талапкерлерди тестирлөөдөн өткөрүүнү Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору уюштурган.

Белгилей кетсек, “Билим берүү жөнүндө” КР мыйзамынын 22-беренесине ылайык, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилери сынактын негизинде дайындалат.

Бөлүшүү:
Next Post

18-октябрда күтүлгөн аба ырайы

18-октябрда күндүзү тоолуу райондордо бир аз кар жаайт, ал эми абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;   Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;   Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;   Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 13…18;   Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндуз 15…20 градус […]

Сизге жагышы мүмкүн