Актан Арым Кубатка Франциянын сыйлыгы тапшырылды

Автор

Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубатка Франциянын Искусство жана адабият орденинин кавалери наамы тапшырылды.

Сыйлыкты Франциянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус тапшырган.

Өз кезегинде режиссёр Актан Арым Кубат чыгармачылыгына берилген баа үчүн Франция элине жана элчи Франсуа Делауска ыраазычылык билдирди.

Сыйлык тапшыруу аземине  көрүнүктүү кино ишмерлери, маданият өкүлдөрү, элчиликтин кызматкерлери жана искусство сүйүүчүлөрү катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Министрлердин орун басарларынын саны кыскарат

Министрлер кабинети министрликтердин жана административдик ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларынын санын  кыскартты. Тиешелүү токтомго министрлер кабинети төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бул чечимге ылайык 14 аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында министрлердин орун басарларынын жана администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларынын 9 штаттык бирдиги кыскартылат. Алар:   Экономика жана коммерция министрлиги; Финансы министрлиги; Тышкы […]

Сизге жагышы мүмкүн