Министрлердин орун басарларынын саны кыскарат

Автор

Министрлер кабинети министрликтердин жана административдик ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларынын санын  кыскартты.

Тиешелүү токтомго министрлер кабинети төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Бул чечимге ылайык 14 аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында министрлердин орун басарларынын жана администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларынын 9 штаттык бирдиги кыскартылат.

Алар:

 

Экономика жана коммерция министрлиги;

Финансы министрлиги;

Тышкы иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

Айыл чарба министрлиги;

Билим берүү жана илим министрлиги;

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги;

Санариптик өнүгүү министрлиги;

Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонду.

Мындай чечим, президенттин “Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу максатында Министрлер Кабинети тарабынан министрликтердин жана административдик ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларынын санын кыскартууну караган токтом кабыл алынды.

Бөлүшүү:
Next Post

 Акча тууралуу кызыктуу фактылар

Ар кайсы өлкөлөрдө акча ар башкача. Адамдар аларды товарларды жана кызматтарды сатып алуу жана сатуу үчүн колдонушат. Негизи, бул акчанын маңызынын кыска, бирок сыймыктуу аныктамасы. Бирок адамзат мурда, эски күндөрдө, банкнотторду жана монеталарды ойлоп тапканга чейин абал кандай болгон? 100 долларлык банкноттордогу миллион АКШ долларынын салмагы болжол менен 10 килограммды […]

Сизге жагышы мүмкүн