Айыл чарбасын каржылоого  7,2 миңден ашуун насыя берилди

Автор

Айыл чарба министрлиги “Айыл чарбасын каржылоо -11” долбоору боюнча 2023-жылдын 18-августуна карата берилген насыялар боюнча кыскача маалымат берди.

Ага ылайык, ​жалпы 2 категория боюнча 3 млрд 252 млн 200 миң сомго 7 миң 238 насыя берилди.

 

  1. Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 846 млн 168 миң сомго 2 миң 18 насыя берилди, анын ичинен:

 

банктар боюнча алганда:

 

– “Айыл Банк” аркылуу 474 млн 273 миң сомго 1 миң 106 насыя;

 

– “РСК Банк” аркылуу 371 млн 895 миң сомго 912 насыя.

 

​2. Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 2 млрд 406 миң 632 миң сомго 5 миң 220 насыя берилди, анын иченен:

 

банктар боюнча алганда:

 

​– “Айыл Банк” аркылуу 1 млрд 171 млн 332 миң сомго 2 миң 491 насыя;

 

– “РСК Банк” аркылуу 1 млрд 234 миң 700 миң сомго 2 миң 729 насыя.

Бөлүшүү:
Next Post

Мектеп директорлору менен анын орун басарларынын айлыгы көбөйөт

1-сентябрдан тарта жалпы билим берүү уюмдарынын, атайын мектептердин жана бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттарынын директорлорунун жана орун басарларынын маяналары жогорулатылган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин чечими боюнча кошумча төлөм 50%ды түзөт. Бул үчүн жыл аягына чейин бюджеттен 183 млн сом бөлүнөт. Натыйжада, 1-сентябрдан […]

Сизге жагышы мүмкүн