Бүгүн Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт

Автор

18-19-ноябрда Бишкек шаарында кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарманке ар жуманын дем алыш кундөрү өтүп, ушул жылдын 31-декабрына чейин уланат.
“Жарманкенин максаты – атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү”, – деп айтылат маалыматта.
Жарманкеге катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчү 0555 34 60 60 телефон номерине кайрылып, толук маалымат ала алат.
Жарманкенин дареги: Биринчи май району, Киев, Раззаков жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши. Саат 8:00дөн 18:00гө чейин.

Бөлүшүү:
Next Post

Израил менен ХАМАС элдешүүгө макул болуштубу?

Израил армиясы менен палестиналык ХАМАС кыймылы элдешүү боюнча макулдашты.  Ал үч күнгө созуларын Al Arabiya телеканалы билдирди. “Газадагы жаңжалдын тараптары тилкеде үч күндүк элдешүү боюнча макулдашууга жетишти”, – деп билдирди Al Arabiya телеканалы.  Элдешүү качан башталары так айтылган эмес. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн