Бишкекте 4 курулуш компанияга айып салынды

Автор

Бишкекте 4 курулуш компанияга айып салынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мэриянын муниципалдык инспекциясы “Профит-Экспресс”, “Турпан Строй”, “Рояль Констракшн”, “Авангард Стиль” курулуш компанияларына тазалыкты сактабагандыгы үчүн 92 миң сом суммасында айып салынды.
Белгилей кетсек, курулуш объектилери милдеттүү түрдө автотранспорттун дөңгөлөктөрүн тазалоочу (жууган) пункттар менен жабдылышы керек. Автоунаа кир, булганган дөңгөлөктөрү менен шаардын аймагын топурак жана ылай кылып булгоого тыюу салынат.
Муниципалдык инспекция коомдук жайларда көрктөндүрүү, тазалык жана тартип эрежелерин сактоо зарылдыгын эскертет.

Бөлүшүү:
Next Post

Айдоочуларга эскертүү: Айрым унаа жолдорго чектөө кирди

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кар жаап, аба ырайынын өзгөрүүсүнөн улам өлкө аймагындагы айрым унаа жолдорго чектөө киргизилгенин эскертет. Маалыматка ылайык, учурда төмөнкү унаа жолдоруна убактылуу чектөөлөр киргизилди: Каракол – Энгильчик автоунаа жолунун 38-чакырымынан тартып, 95-чакырымына чейинки аралыгына; Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунда суу кар жаап ар […]

Сизге жагышы мүмкүн