Көп кабаттуу имараттардын сапатын текшерген комиссия түзүлдү

Автор

Курулуп бүткөн жана курулуп жаткан имараттардын сейсмологиялык жактан туруктуулугун текшерүү боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлдү.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматынын билдиргенине караганда  тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Чечимди чыгарууда Түркияда болуп өткөн жер титирөөлөр, ошондой эле дүйнөдөгү континенттик плиталардын жыла башташы, мындай табигый кубулуштардын Кыргызстандын аймагында да активдешип кетүү ыктымалы бар экени эске алынган.

Жумушчу комиссиянын курулуштарды текшерип чыгуусуна үч ай мөөнөт берилген. Анын жыйынтыгында алар Министрлер кабинетине убагынан кечиктирбестен маалымат тапшырууга тийиш.

Бөлүшүү:
Next Post

 “Акшумкарлардын” Азия кубогундагы ырааттамасы

Катарда өтө турган Азия кубогу — 2023 оюндарындагы Кыргызстандын командасынын тайпалык оюндагы ырааттасын  Кыргыз футбол союзунун сайтында жарыяланды. “Акшумкарлар” Азия кубогунун  тайпалык этабында Таиланд, Оман жана Сауд Арабиянын курамалары менен кез келет. Биринчи матч, Таиланд командасы менен беттеш 2024-жылдын 16-январында саат 20:30да (Бишкек убактысы боюнча) Дохадагы Абдулла бин Халиф стадионунда […]

Сизге жагышы мүмкүн