Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курамасы Хорватияда өтчү мелдешке катышат

Автор

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Загреб шаарында (Хорватия) өтө турган “ZAGREB OPEN” биринчи рейтингдик мелдешине катышат.

Мелдеш 10-14-январь күндөрү өтөт.

Курама команданын тизмеси:

– 62 кг Айсулуу Тыныбекова;
– 68 кг Нурзат Нуртаева;
– 76 кг Айпери Медет кызы.

Курама команда башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында мелдешке катышат.

Эскерте кетсек, ал эми курама команда 15-22-январь күндөрү Тата шаарында (Венгрия) өтө турган Эл аралык окуу-машыгуу жыйынына катышат.

Курама команданын тизмеси:

– 59 кг Калмира Билимбек кызы;
– 62 кг Айсулуу Тыныбекова;
– 68 кг Нурзат Нуртаева;
– 76 кг Айпери Медет кызы.

Бөлүшүү:
Next Post

Айрым айыл аймактарынын жана айылдардын аталышы өзгөрөт. Тизме

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» КР Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2023-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан улуттук идеологияны өнүктүрүү жана чыңдоо, мамлекеттик кызыкчылыктарды, ошондой эле географиялык, тарыхый, улуттук, турмуш-тиричилик жана башка жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен […]

Сизге жагышы мүмкүн