Дүйнө чемпионатына катыша турган балбандардын тизмеси

Автор

Кыргызстандын спорттук күрөш боюнча (эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү жана грек-рим күрөшү) курама командасы 16-24-сентябрь күндөрү Белград шаарында (Сербия) өтө турган Дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мелдеш 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алуу мелдеши болуп эсептелинет.

Белгиленгендей, беттештер 10 салмак категориясында өтүп, жалпы 90 квота ойнотулат.

16-18-сентябрь күндөрү эркин күрөш боюнча курама команда беттешет. Улуттук курама команданы улук машыктыруучулар Сүймөнкул Таабалды уулу, Ислам Тазабеков жана башкы машыктыруучу Руслан Маджинов жетектейт.

Эркин күрөш боюнча курама команда:

57 кг Алмаз Сманбеков;

65 кг Икромжон Хаджимурадов;

70 кг Эрназар Акматалиев;

74 Арсалан Будажапов;

86 кг Нарбек Изабеков;

97 кг Каныбек Абдулхаиров.

18-21-сентябрь күндөрү кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер өтөт. Улуттук курама команда улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев, башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жана Билимбек Капарбековдун жетекчилиги алдында беттеш өткөрүшөт.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда:

59 кг Кальмира Билимбек кызы;

62 кг Айсулуу Тыныбекова;

68 кг Мээрим Жуманазарова;

72 кг Нурзат Нуртаева;

76 кг Айпери Медет кызы.

21-24-сентябрь күндөрү грек-рим күрөшү боюнча беттештер өтөт. Улуттук курама команданы улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков,башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев жана Мейрамбек Ахмедов жетектеп чыгат.

Грек-рим күрөшү боюнча курама команда:

60 кг Жоламан Шаршенбеков;

67 кг Амантур Исмаилов;

77 кг Акжол Махмудов;

87 кг Азат Салидинов;

97 кг Бексултан Махмудов.

Бөлүшүү:
Next Post

Эртең  Комуз күнүнө карата чоң программадагы концерт өтөт

Бишкекте Комуз күнүнө карата 9-сентябрда чоң программадагы концерт өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында белгиленет. Башталышы саат 18:00дө, каалоочулар үчүн кирүү акысыз. Быйылкы иш-чара залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракесине арналат. […]

Сизге жагышы мүмкүн