Айдоочулардын эсине!«Ала-Тоо» аянты жаңы жылга карата жабылды

Автор

Бишкектеги «Ала-Тоо» аянты бүгүнтөн тарта жабылды. Мындай чара жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Аянт 2024-жылдын 1-январынын таңына чейин жабык болот.
Унаа кыймылы Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин токтотулат.
Ошондой эле Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул милиция башкармалыгынын 105 кызматкери жеринде нөөмөттө болот.
Бишкек шаарынын мэриясы тургундарды келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктайт жана көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну, ошондой эле каттамыңызды алдын ала пландап алууну суранат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ак илбирс Кыргызстандын улуттук символу деп таанылды

Президент Садыр Жапаров «Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Ак илбирс Эл аралык жаратылышты коргоо союзунун Кызыл китебине киргизилген жана дүйнөнүн 12 өлкөсүндө сейрек же жоголуп бараткан жаныбар статусуна ээ. Ак илбирс жаратылыш байлыгынын, маданий байгерликтин гана символу болбостон, глобалдуу аймактын 1/3 ээлеген тоо […]

Сизге жагышы мүмкүн