“Турналар” – согуш жөнүндө эң белгилүү ырдын тарыхы

Автор

Бул ыр  Советтер Союзунун атактуу ырчысы Марк Бернстин жашоосундагы  эң акыркы ыр болгон. Ал эми  Авар элинин айтылуу акыны Расул Гамзатов бул ырды кантип жазып калган “Турналар” ырынын тарыхына окуп көрүңүз:

Жүрөк чыдагыс согуштун тагы…

Түндүк Осетиянын Дзуарикау айылында жашаган Газдановдордун үй-бүлөсү жети уулдуу болушкан. Бир баласы 1941-жылы Москванын жанында каза болгон. Дагы экөө – 1942-жылы Севастополду коргоо учурунда набыт болушкан. Үчүнчү уулунан кара кагаз келгенде күйүтүнө чыдабай апасы каза болот. Газдановдордун дагы уч уулу Новороссийскиде, Киевде, Белоруссияда болгон салгылашууларда курман болушкан. Айылдык почточу  Берлинди алууда каза болгон акыркы, жетинчи уулунун кара кагазы келгенде угузуудан баш тарткан. Анан айыл аксакалдары кайгылуу кабарда угузууга келгенде атасы  жалгыз небересин кучактап, босогодо отурган экен. Аны көргөн адамдын жүрөгү чыдабайт эле…

1963-жылы айылга айкел орнотулган анда кайгылуу эне жана жети учкан куштун элеси тартылган. Эстеликти дагестандык акын Расул Гамзатов зыярат кылды. Бул окуяга жүрөгү канаган акын авар тилинде ыр жазган. Поэманын орус тилине котормосун чыгыш поэзиясынын белгилүү котормочусу Наум Гребнев оодарган. Бул котормо баарыбызга тааныш.

Расул Гамзатов

Журавли

Мне кажется порою, что солдаты,

С кровавых не пришедшие полей,

Не в землю эту полегли когда-то,

А превратились в белых журавлей.

 

Они до сей поры с времен тех дальних

Летят и подают нам голоса.

Не потому ль так часто и печально

Мы замолкаем, глядя в небеса?

 

Сегодня, предвечернею порою,

Я вижу, как в тумане журавли

Летят своим определенным строем,

Как по полям людьми они брели.

 

Они летят, свершают путь свой длинный

И выкликают чьи-то имена.

Не потому ли с кличем журавлиным

От века речь аварская сходна?

 

Летит, летит по небу клин усталый —

Летит в тумане на исходе дня,

И в том строю есть промежуток малый —

Быть может, это место для меня!

 

Настанет день, и с журавлиной стаей

Я поплыву в такой же сизой мгле,

Из-под небес по-птичьи окликая

Всех вас, кого оставил на земле.

 

1965 г.

 

 

Турналар

Кээде мага, кайран аскер жигиттер

Кала берген, кан майдандан кайтпастан

Турна болуп кетишкендей туюлат,

Турпагына кара жердин жатпастан.

Унут калган ошол күндөн, бул күнгө

Учат алар, бизди көрсө үн салып.

А болбосо, арман толгон көз менен

Асман бетин тиктейт белек, мынчалык?

Карап турсам бүгүн дагы, күүгүмдө

Каркыралар, туман жарып, асмандай,

Тизген сабын бузбай кетип баратат

Тирүүсүндө катар түшүп баскандай.

Учуп барат, ким-бирөөсүн чакырып,

Кезип барат, уч-кыйры жок дүйнөсүн.

Ал, ошондон каркыранын тилине

Авар тили үндөш болуп жүрбөсүн?

Чаалыкса да көк тилишкен турналар

Чабытташат, күүгүм туман сапарда.

Калтырылган сыяктанат, мен үчүн,

Чакан орун, ошол тыгыз катарда!

Мезгил жетсе, турналарга кошулуп

Мен да жөнөйм, боз иңирге катылып,

Желе тарткан куш тилинде көктөгү

Жерде калган атыңардан чакырып.

Которгон Жыргалбек Касаболот

 

Поэма атактуу ырчы  Марк Бернстин көңүлүн бурду.  Ал үчүн согуш абдан жаралуу, терең  тема болгон. Ырчы дароо  Ян Френкелге кайрылып, ушул саптардагы ырга музыка жазып берүү өтүнүчү менен кайрылат.

Ошентип иш башталгандан эки ай өткөндөн кийин Френкель алгачкы вокалын жазып, дароо Бернске телефон чалат. Ал келип угуп, ыйлап жиберет. Френкель бул жолугушуу боюнча  Бернс сезимтал адам эмес болчу, бирок ага бир нерсе чындап тийгенде ыйлаганын эстеди. Андан кийин ырдын үстүндө иштөө тезирээк жүргөн.

Бернс ошол учурда өпкө рагы менен ооруп жаткан. Музыканы уккандан кийин баарын шаштыра баштаган. Френкелдин айтымында, Бернс аз убакыт калганын сезип, өзгөчө ушул ыр менен жашоосуна чекит койгусу келген. Ал буга чейин кыйынчылык менен кыймылдап жаткан, бирок, ошентсе да, 1969-жылдын 8-июлунда, анын уулу Бернести ыр жаздырган студияга алып келет. Бир эле дубль менен жазылат. Бир айдан кийин, 16-августта айтылуу ырчы Марк Бернст көз жумат.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров менен Владимир Путин Москвада жолукту

Президент Садыр Жапаров  Москвага болгон расмий сапарынын алкагында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Кыргыз-орус эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, биргелешкен күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Россиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровдун расмий сапары Жеңиш майрамынын алдында өтүп жатканы өзгөчө […]

Сизге жагышы мүмкүн