Жасалма интеллект боюнча Илон Маск катуу коркутту

Автор

Жасалма интеллект боюнча Илон Маск катуу коркутту. Ал гана эмес жогорку технологиялар тармагындагы миңден ашуун эксперттер күчтүү нейрондук тармактарды окутууну алты айга токтотууну талап кылган ачык катка кол коюшту. Кол койгондордун арасында Apple компаниясынын негиздөөчүсү Стив Возняк бар.
Петициянын авторлору сенсациялуу ChatGPT сыяктуу системалар өтө акылдуу болуп баратат деп эсептешет жана ал тургай аларды коом үчүн коркунуч деп аташат.
Алар адамдык эмес акыл-эстин тез өнүгүшү акыры биздин цивилизациябызды башкара албай калышына алып келиши мүмкүн деп эсептешет. Ал эми мындай болбош үчүн жалпы коопсуздук протоколдорун иштеп чыгып, бардыгын мамлекеттик деңгээлде көзөмөлдөөнү сунуштап жатышат.

 

Бөлүшүү:
Next Post

31-мартка карата аба ырайы

Кыргызгдромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 31-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Ысык-Көл, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, […]

Сизге жагышы мүмкүн