Айбек Дадебаев президенттин администрациясынын башчысы болду

Автор

Президент Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен Айбек Дадебаев Казакстан Республикасынын президентинин администрация башчысы болуп дайындалды. Ага чейин президенттин иш башкармалыгында иштеген.
Айбек Дадебаев 2001-2002-жылдары Казак мамлекеттик эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк тилдер университетинин эл аралык туризмди башкаруу кафедрасында окутуучу болуп иштеген.
Кийинчерээк Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын аппаратынын парламенттер аралык байланыштар жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти болгон.
2011-2013-жылдары Женевада Казакстан Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүндө иштеген.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 4 миңден ашуун спортчу катышары күтүлүүдө

Быйылкы Казакстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 107 өлкөдөн 4000ден ашуун спортчу катышары күтүлүүдө. Казакстан туризм министрлигинин билдиргенине караганда оюндар спорт, маданият, илим болуп үч багытта өтөт. Маалыматка ылайык, мелдешке ат оюндары, улуттук күрөштүн түрлөрү, салттуу жаа атуу, куш салуу жана интеллектуалдык спорттун түрлөрү кирет. Көргөзмө программасында этникалык спорттун 10 […]

Сизге жагышы мүмкүн