Дубайда жааган жамгыр тарыхтагы эң катуу жаан деп табылды

Автор

Дубайда жааган жамгыр тарыхтагы эң катуу жаан деп табылды. Дренаждык системанын жоктугунан шаардын көчөлөрүндө суу топтолуп, метрону, үйлөрдүн биринчи кабаттарын жана ири соода борборлорун каптады. Бир нече учуу тилкелерин суу каптап кеткендиктен Дубай аэропортунда 40тан ашык каттам токтотулду.
Синоптиктердин маалыматы боюнча, акыркы 24 саатта Дубайда 150 миллиметр жамгыр жааган. Мектептер жабылды, жумушчулар жана мамлекеттик кызматкерлер онлайн иштөөгө өттү, иш-чаралар башка даталарга жылдырылды.
Бахрейндин борбору Манамада нөшөрлөп жааган жамгыр селге алып келди. Ал жерде бир күндө бир жылдык нормада жаан жааган.
Бир нече аймактарда жол кыймылы кыйындады. Массалык иш-чаралар токтотулду, эс алуу жайлары жабылды. Шаар тургундарына өтө зарылчылык болбосо көчөгө чыкпоо сунушталды.
Омандын Түндүк Шаркия аймагында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам катуу суу ташкыны болду. 12 адам көз жумду, дагы 5 адам дайынсыз болууда. Ошондой эле суу жүздөгөн үйлөрдү жана ондогон унааларды каптады. Жолдорду сел алып кеткен. Мектептер жана кеңселер убактылуу жабылды. Ондогон каттамдар токтотулду.
Пакистандын түштүк-батышында сел жүрдү. Белужистан провинциясы эң катуу жабыркаган. Аймакта үчүнчү күндөн бери нөшөрлөгөн жамгыр жаап жатат. 36 адам каза болгон. Алар негизинен дыйкандар. Жүздөгөн үйлөр талкаланган. Өлкө бийлиги аймакта өзгөчө кырдаал жарыялап, ал жакка куткаруучуларды жана гуманитардык жардам жөнөткөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Курманкул Зулушев, башкы прокурор: "Комиссиянын ишине жолтоо болбоо үчүн министрди текшербей калдык"

“Саламаттык сактоо министри боюнча депутаттык комиссия өз ишин жыйынтыктагандан кийин бизди жардамга чакырасыздар, ошондо кызматташабыз. Азыр комиссиянын ишине жолтоо болбоо үчүн токтоп калдык, болбосо, текшерүүнү баштамакпыз”,- деп билдирди башкы прокурор депутат Жусупбек Коргонбай уулунун суроолоруна жооп берип жатып. Аталган депутат Алымкадыр Бейшеналиевди мурда камап, кайра эмне үчүн коё бергендерине кызыкты. […]

Сизге жагышы мүмкүн