Криштиану Роналдунун  “Инстаграмдагы” катталуучулардын саны 600 миллионго  жетти

Автор

Криштиану Роналду Instagram социалдык тармагында 600 миллион катталуучуга жеткен дүйнөдөгү биринчи оюнчу болду.

Роналду 2022-жылдын ноябрында бул социалдык тармакта 500 миллион  катталуучуну басып өткөн.

Аргентинанын жана “Интер Майами” клубунун чабуулчусу Лионель Мессинин 482 миллион адамы бар.

Эске салсак, Криштиану Роналду беш жолку “Алтын топтун” ээси. Карьерасында португалиялык “Спортинг”, англиялык “Манчестер Юнайтед”, испаниялык “Реал” жана “Ювентус” командаларынын намысын коргогон. Беш жолу Чемпиондор Лигасынын, үч жолу Англиянын, эки жолу Испаниянын жана Италиянын чемпиону болгон. Португалия курамасында жүргөндө Европа чемпиондугун (2016) жана Улуттар Лигасын (2018/19) жеңген.

Бөлүшүү:
Next Post

Арчанын касиеттери

Арчанын касиеттери жалаң эле дарылык менен  чектелбейт, ал ошондой эле дээрлик бардык эт тамактарынын, соустардын, сорпонун, жашылча татымалдарынын даамын толуктап, укмуштуудай сезе турган жыпар жыттуу татымал болуп саналат. Ал эми үй ичинде өрттөлгөн бул өсүмдүктүн бир бутагы үйдө көпкө жагымдуу жыт берип, зыяндуу микроорганизмдерди жок кылат. Жарыктанган арча бутактары контейнерлерде […]

Сизге жагышы мүмкүн