Бишкекте ири көргөзмө-жарманке өтөт

Автор

Бишкекте “АгроТехЭкспо-2023”, “Органик Экспо 2023” республикалык агроөнөр жай көргөзмөсү жана “Алтын күз” азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-22-октябрда боло турган иш-чарада айыл чарба техникасынын жана кайра иштетүү өнөр жайынын дүйнөлүк үлгүлөрү, жаңы инновациялык технологиялар, үрөндөрдүн сорттору, жер семирткичтердин түрлөрү, ветеринардык препараттар, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, агрохимикаттар, энергетикалык каражаттар, асыл тукум жаныбарлардын породалары жана башка айыл чарба товарлары көрсөтүлөт.

Анын алкагында жарандарга айыл чарба продукциясынын бардык түрлөрүн сатуу үчүн “Алтын-Күз” жарманкеси уюштурулат, анда бардык каалоочулар эт, бал, жашылча-жемиштерди дүң баада сатып ала алышат.

Көргөзмө жана жармаңкеге үч күндүн ичинде республиканын бардык облустарынан 15 миңден ашуун дыйкандын келери күтүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 29-сентябрга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 88.70 сомдон  болсо, сатуу  88.76 сомго  чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 88.71 сом  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн