Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын финалына өттү

Автор

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.

 

Медет кызы чемпионаттын чейрек финалынан баштап биринчи орун үчүн кармашты баштады. Ал 76 кг салмакта алгач индиялык Прия аттуу спортчунун далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздады. Ал эми финалга чыкчу кармашта кыргыз кызы япониялык Мизуки Нагасиманы 3:2 эсебинде артта калтырды.

 

Алтын үчүн кармашта Айпери Медет кызы казакстандык Элмира Сыздыкова менен күрөшөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Чатбот Россия, Украина боюнча Путинге кат жолдоду

ChatGPT чатботу Россия менен Украинанын ортосундагы тынчтык келишиминин долбоорун даярдады. Бул Германиянын Berliner Zeitung басылмасынын өтүнүчү боюнча тапшырманы аткарды. ChatGPTге Германиянын федералдык канцлери Олаф Шольцтун атынан Владимир Путин менен Владимир Зеленскийге тынчтыкка чакырган кат жазуу тапшырмасы берилген. Катта Германия Россиянын мыйзамдуу коопсуздук кызыкчылыктарын тааный турганы айтылат. “Биз сиздерге конструктивдүү катышуу […]

Сизге жагышы мүмкүн