Азия оюндарында алгачкы алтын: Эрлан Шеров  дзюдо боюнча чемпион болду

Автор

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров дзюдо боюнча чемпион болду. Бул жеңиш Кыргызстандын тарыхында дзюдо боюнча Азия оюндарында биринчи алтын медаль.

Эрлан Шеров 90 кг салмакта беттешкен. Ал таймашты 1/8 финалдан баштап, биринчи беттешинде кытайлык спортчуну жеңген. Андан кийин чейрек финалда ливандык атаандашын уткан. Ал эми жарым финалда БАЭнин спортчусун жеңип, финалга чыккан.

Финалда ал өзбекстандык Давлат Бобоновду утуп, алтын байгенин ээси болгон.

Муну менен Эрлан Шеров Кыргызстан үчүн бул Азия оюндарындагы алгачкы медалды алып келди.

Бөлүшүү:
Next Post

27-сентябрда күн ачык болот

Кыргызгидромет билдиргендей, 27-сентябрга караган түнү жана күндүз өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26,   Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28,   Ысык-Көл облусунда түнкүсүн […]

Сизге жагышы мүмкүн