Өзбекстанда  кыргыз спортчулары 6 алтын, 1 коло утушту

Wp Pw
0 0
Read Time:30 Second

Өзбекстандын  Жизак шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатынын алкагында “Алыш” белбоо күрөшүнүн классикалык түрү боюнча беттештер жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеште Кыргызстан жалпы 6 алтын жана 1 коло, жалпы 7 медаль жеңди.

Кыз-келиндер арасында 55 кг салмакта Элзада Момунжанова жана +75 кг салмак категориясында Айжан Анарбекова алтын медалга ээ болушту. Ал эми 60 кг салмакта Бегайым Акбалаева коло медалга ээ болду.

Эркектер арасында 60 кг салмакта Роман Сапаров, 70 кг салмакта Марлен Абдурасулов, 80 кг салмак категориясында Элдияр Сексенбаев жана 90 кг салмакта Нурсултан Бочонов 1-орунду ээлеп, Азия чемпиондору аталышты.

 

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Малга салык салуу сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев мал ээлерине салык салууну сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбооруна ылайык, салык төлөөчү айыл чарба жаныбарларына салыкты жылына бир жолу төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө төлөйт: койлорго жана эчкилерге – 100 сом, бодо малга – 250 сом, жылкыларга – 250 сом. Ошондой эле айыл чарба […]