Париж-2024: Спортчулардын Олимпиадада кийчү формасына сынак жарыяланды

Автор

КРнын Улуттук Олимпиада комитети  Дене тарбия жана спорт департаменти менен биргеликте 2024-жылы Парижде өтчү жайкы Олимпиада оюндарында улуттук курама командасы үчүн параддык экипировканын дизайн концепциясын иштеп чыгуу боюнча сынак жарыялады.

Сынакка каалоочулардын баары катыша алат: жаш дизайнерлер, студенттер.

Сынак ачык өткөрүлүп, бардык дизайндар Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын социалдык баракчаларында добуш берүү үчүн жарыяланат. Ар бир катышуучусу эскскиздердин жыйнагы менен тапшырууга тийиш.

Визуалдык эскизде чагылдырылган олимпиадалык форманын ар бир жеке предмети колдонулган конструкциянын элементтеринин (буюмдун материалы, сүрөтү, жазуулары, оймо-чиймелери, түстөрү, конструкциялары, ж.б . тексттик документ түрүндө жазылып ар бир пункт өзүнчө белгиленүүсү абзел.

Арыздар 2024-жылдын 1-февралына чейин электрондук жана кагаз түрүндө кабыл алынат. Дареги; Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү 17, (Дене тарбия жана спорт департаменти).

 

Электрондук дареги: press.sportgovkg@gmail.com.

Бөлүшүү:
Next Post

“Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалы өтөт

Бишкекте 7-12-декабрь күндөрү “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата өткөрүлүүдө. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Россия, Азербайжан өлкөлөрүнүн театрлары келишет. Алар Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерди […]

Сизге жагышы мүмкүн