Азия Кубогу финалы: Эртең “Иордания-Катар” беттешет

Автор

Эртең, 10-февралда Азия Кубогунун финалдык оюну өтөт. Финалда 16 команданын ичинен суурулуп чыккан Иордания жана Катар курама командалары беттешет.
Иордания өз тарыхында биринчи жолу финалга чыкты. Ал эми Катар 2019-жылы да чемпиондукту жеңип алган. Иордания менен Катар буга чейин 17 жолу беттеш өткөргөн. Анда 10 оюнду Катар жеңсе, беш оюнда Иордания уткан, эки жолу тең чыккан.
Эске салсак, Азия кубогу төрт жылда бир болот. Кийинки Азия Кубогу 2027-жылы Сауд Арабияда өтөт. 18 жолу өткөн Азия Кубогунда Жапония төрт жолу, Сауд Арабия менен Иран үч жолу, Түштүк Корея эки ирет чемпион болушса, Кувейт, Катар, Австралия, Израил жана Ирак курамалары бир жолу чемпион болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Улуу Британияда сезондук жумушка 26 миңдей жаран арыз жазды

26 миңден ашуун кыргызстандыктар Улуу Британияда сезондук жумушка баруу үчүн арыз берип, алардын 14,7 миңи тандоонун биринчи этабынан өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Эмгек министрлигине караштуу жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору Британиянын айыл чарбасында сезондук ишке орноштуруунун программасына катышууну каалаган кыргызстандыктарды «Hops […]

Сизге жагышы мүмкүн