Бокс боюнча дүйнө чемпионаты: Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалына чыкты

Автор

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчу 57 кг салмак категориясында күч сынашууда.

Мунарбек Сейитбек уулу 1/32 финалдан баштап, алгач пуэрто-рикалык спортчуну жеңген. Андан кийин таиланддык мушкерди, чейрек финалда мексикалык спортчуну утту.

Белгилей кетсек, Мунарбек эртең, 12-майда жарым финалда өзбекстандык спортчу менен күч сынашат.

Бөлүшүү:
Next Post

ТИМ Пакистанга баруудан баш тартууну сунуштады

Пакистандагы ички саясий кырдаалдын кескин курчушуна байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга Пакистанга баруудан баш тартууну сунуштайт. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти. Ошол эле учурда Пакистанда жүргөн жарандарга өлкөдөгү кырдаал толук турукташканга чейин коопсуздук чараларын күчөтүү сунушталат.  Учурда соңку окуялардын натыйжасында жабыркаган Кыргыз жарандары тууралуу маалымат түшкөн эместиги белгиленди. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн