Азия Кубогу: Кыргызстан улуттук кураманын тизмеси

Автор

Бүгүн, 12-январда Катарда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын катышуусу менен 2023-жылкы Азия Кубогу башталат. Турнирге төрт командадан алты тайпага бөлүнгөн 24 улуттук курама катышат.
Кыргызстандын футбол биримдиги Азия кубогунда ойной турган Улуттук кураманын тизмесин жарыялады:
Дарбазачылар:
Токотаев Эржан («Шанлыурфаспор», Турция), Исламкулов Марсель («Абдыш-Ата»), Чомоев Султан, Нурланбеков Курманбек (оба – «Дордой»).
Коргоочулар:
Жыргалбек уулу Кайрат, Браузман Християн, Акматов Айзар (все – «Абдыш-Ата»), Дүйшөбков Бактыяр (без клуба), Козубаев Тамирлан («Истерн», Гонконг), Сагынбаев Бекжан, Мамыралиев Суйунтбек, Мищенко Александр («Дордой»), Шамурзаев Амантур («Абдыш-Ата»).
Жарым коргоочулар:
Абдурахманов Одилжон, Кадыржанов Адиль («Дордой»), Мерк Кай («Унион Титус Петанж», Люксембург), Алмазбеков Бекназ («Галатасарай»), Мерк Кими («Пахтакор»), Алыкулов Гулжигит («Неман»), Сталбеков Нурдөөлөт, Жумашев Атай, Мусабеков Фархат, Азаров Азим («Абдыш-Ата»).
Чабуулчулар:
Батырканов Эрнист («Абдыш-Ата»), Жоэл Кожо («Динамо-Самарканд»), Токтосунов Дастан («Нефтчи»).
Кыргызстандын улуттук курамасы «F» тайпасында орун алган, Таиланд, Сауд Аравия, Оман курамалары менен кез келет.
Эске салсак, Азия Кубогу 12-январдан 10-февралга чейин Катардын 9 стадионунда өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Россия АКШ жана союздаштарынын соккусу боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынын талап кылды

Россия АКШ жана союздаштарынын Йемендеги хуситтерди бутага алган соккусуна байланыштуу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылды. Жолугушууну бүгүн, 12-январда Москва убактысы боюнча 18:00дө баштоо сунушталууда. Бул соккулар ХАМАС кыймылы менен байланышы бар Кызыл деңиздеги эл аралык кемелерге жасалган чабуулдарга жооп болду. АКШнын президенти Жо Байден кол салуу Австралия, […]

Сизге жагышы мүмкүн