Министр Алтынбек Максүтов дүйнө чемпиону болгон хоккейчилер менен жолукту

Автор

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов хоккей боюнча III дивизиондогу командалар арасында дүйнө чемпиону болгон Кыргызстандын курамасы менен жолукту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Алтынбек Максүтов алгач президент Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуп, мамлекет тарабынан учурда спортко өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп өттү.

“Жеңишиңер менен Кыргызстандын желегин желбиретип, мамлекетибиздин аброюн көтөрдүңөр. Хоккей боюнча курама команда түзүлүп жатканда күмөн саноолор болгон. Силер аны жокко чыгарып, физикалык жактан даярдыгыңар, эркиңер менен спорттун бул түрун ушул даражага жеткирдиңер. Силердин бул жеңишиңер көп жаштарга түрткү берип, спорт менен достошуусуна жол ачты десем жаңылышпайм”, – деди ал.

Спортчулар өз кезегинде мамлекет тарабынан колдоо болуп жатканына ыраазычылык билдирип, мындай колдоо аларга шык бере тургандыгын айтышты.

Эске салсак, Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы жогоруда аталган турнирде Иран, Гонконг, Малайзия, Босния жана Герцеговина, Сингапурдун курама командалары менен күч сынашып, III дивизиондогу (“В” тобу) командалар арасында дүйнө чеппиону болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Финляндия: НАТОго кошулуу боюнча мыйзамга кол коюлду

Финляндиянын президенти Саули Ниинисте өлкөнүн Түндүк Атлантика альянсына (НАТО) кошулуусу жөнүндөгү мыйзамдарга кол койду. 1-мартта Түндүк атлантикалык альянска кошулуу чечими Финляндиянын парламенти тарабынан жактырылды. Ага 184 депутат “макул”, 7 депутат “каршы” деп добуш берди. Финляндия менен Швеция НАТОго мүчөлүккө өткөн жылдын май айында биргелешип арыз беришкен. Декабрдын аягында Йенс Столтенберг […]

Сизге жагышы мүмкүн