Бишкекте көркөм гимнастика боюнча чемпионат өттү

Автор

Бишкекте көркөм гимнастика боюнча шаардык биринчилик өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш “Газпром-Балдар” спорттук эс алуу борборунда 100 гимнасттын катышуусунда өттү. Турнирдин жыйынтыгында орундар төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:

2011-жылы туулган гимнасттардын арасында:
1-орун – София Ярова;
2-орун – Алия Жантаева;
3-орун – Милана Копылова.

2010-жылы туулган гимнасттардын арасында:
1-орун – Злата Аркатова;
2-орун – Саяна Сарынжиева;
3-орун – Дарья Сорокина.

2009-жылы туулган гимнасттардын арасында:
1-орун – Арина Газиева;
2-орун – Элима Абдималикова;
3-орун – Ангелина Есикова.

2008-жылы туулган гимнасттардын арасында:
1-орун – Александра Удодова;
2-орун – Чолпон Шайлобекова;
3-орун – Саадат Кулматова.

2007-жылы туулган гимнасттардын арасында:
1-орун – Елизавета Голинко;
2-орун – Майя Маркелова;
3-орун – Салима Акматова.

2009-2011-жылдары төрөлгөн гимнасттардын тайпалык көнүгүүлөрү боюнча:
1-орун – «Олимп» спорт мектеби;
2-орун – “Ынтымак-2” спорт мектеби;
3-орун – “Үй-бүлөлүк спорт”.

Топтук көнүгүү боюнча 2008-жылы туулган жана андан улуу гимнасттардын арасында:
1-орун – “Ынтымак-1” спорт мектеби.

Турнир Кыргызстанда көркөм гимнастиканы өнүктүрүү жана жайылтуу жана спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

Спорттук иш-чара борбордун мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы, КР Көркөм гимнастика федерациясы жана Бишкек шаардык көркөм гимнастика федерациясы тарабынан уюштурулду.

Бөлүшүү:
Next Post

Бир жумада сасык тумоонун 11,5 миң учуру катталды

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 50-жумасында (11.12-17.12.23) республика боюнча курч респиратордук вирустук инфекциянын жана сасык тумоонун 11 миң 575 учуру катталган. Ошондой эле акыркы жумада Бишкекте жана Чүй облусунда COVID-19 инфекциясынын 2 учуру катталды. Республикада сасык тумоо, […]

Сизге жагышы мүмкүн