Азербайжан тарап армян куралдуу түзүмдөрү куралын таштаса сүйлөшөөрүн билдирди

Автор

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин администрациясы азербайжан тараптын Тоолуу Карабакта мыйзамсыз армян куралдуу түзүмдөрү куралын таштаса армян калкынын өкүлдөрү менен Евлах шаарында жолугушууга даяр экенин билдирди.
Азербайжандын президентинин администрациясы бир нече жолу Карабак аймагында жашаган армян калкынын өкүлдөрүн диалогго чакырган. “Бирок алар ар дайым баш тартышты”,-деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин таанылбаган Тоолуу Карабак Республикасынын жетекчилиги Азербайжан бийлигине согуштук аракеттерди токтотуу жана сүйлөшүүлөрдү баштоо сунушу менен кайрылган.
19-сентябрда Азербайжандын куралдуу күчтөрү Карабакта антитеррордук операцияны баштады. Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги армян аскерлеринин Тоолуу Карабактын аймагынан чыгарылышын талап кылууда. Армениянын Тышкы иштер министрлиги ал аймакта өлкөнүн аскерлери жок деп ырастоодо.

Бөлүшүү:
Next Post

Айпери Медет кызы Париж Олимпиадасына жолдомо алды

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык Айпери Медет кызы финалга чыгып, 2024-жылкы Париж Олимпиадасына жолдомону алды. Бул Олимпиада оюндарына алынган Кыргызстандын куржунундагы биринчи жолдомо. Медет кызы 76 килограмм салмакта финалга чыкканга чейин төрт атаандашын утту. Алгач румыниялык Каталина Акцентени 11:0, 1/8 финалда беларустук Анастасия Зимиянкованы […]

Сизге жагышы мүмкүн