Климат боюнча дүйнөлүк саммит башталды

Автор

Дубайда Климат боюнча дүйнөлүк саммит башталды. Ага 70 миң делегаттын жана 140тан ашык мамлекеттин жетекчилеринин катышуусу күтүлүүдө.
Саммиттин негизги темасы – глобалдык температуранын 2 градустан жогору көтөрүлүшүнө жол бербөө, Париж келишиминин максаттарына жетүүдөгү жылыштарды талдоо.
Саммиттин башталышына 2,5 ай калганда дүйнө жүзү боюнча климаттык активисттердин массалык демонстрациялары 65 өлкөдө өттү. Экологиялык активисттер конференциядан климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө чечкиндүү аракеттерди күтүшүүдө.
Климат боюнча саммитке 200гө жакын өлкөнүн өкүлдөрү катышат. Жалпысынан 70 миң делегат бар. Катышуучуларга климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгуу үчүн 12 күн берилет.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкектеги №67 мектептен бомба изделүүдө

Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан №67 мектептен бомба изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Азыркы учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери жана кинологдор иштеп атышат, балдар жана кызматкерлер имараттан эвакуацияланды. Кийинчерээк кошумча маалымат берилет. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн