Орус бийлиги эки Кыргызстандыкты сыйлады

Автор

Орус президенти Владимир Путин Кыргызстандын эки чиновнигин “Достук” ордени менен сыйлады. Алар Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат жана президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев. Мындай сыйлык эки өлкөнүн ынтымагына жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин чыңдоого кошкон салымдары үчүн берилгени маалымдалды.

Бөлүшүү:
Next Post

Аялын сабаган дипломат кызматтан алынды

Казакстандын тышкы иштер министрлиги БАЭдеги дипломатын чакыртып алды. Кечээ, социалдык тармактар аркылуу казакстандык Карина аттуу келин 10 жылдан бери күйөөсү зордук – зомбулук көрсөтүп келгенин, 5-май күнү эжеси экөөнү сабаганын жана өмүрү коркунучта экенин айтып, коомчулуктан жардам сураган. “Күйөөм Бириккен араб эмираттарында элчинин кеңешчиси болуп иштейт. Анын дипломаттык статусу алынып, […]

Сизге жагышы мүмкүн