Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты уланууда

Автор

Бишкекте хоккей боюнча үчүнчү дивизиондун “А” тайпасынын дүйнө чемпионаты башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ачылыш аземге министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары — Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Швеция өлкөсүнүн хоккей федерациясынын төрагасы Андерс Ларссон жана Кыргызстандын хоккей федерациясынын өкүлдөрү катышты.
Биринчиликте алты өлкөнүн — Кыргызстан, Мексика, Түштүк Африка Республикасы, Люксембург, Түркмөнстан жана Таиланддын командалары күч сынашып жатат. Беттештер “Бишкек Арена” шаардык муз тебүүчү аянтчада болот.
Эгер ата мекендик курама команда утуп чыкса, хоккей боюнча экинчи дивизиондун “Б” тайпасына өтүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Кыргызстанда ыйык Рамазан айы башталды

Бүгүн, 11-мартта Ислам дининдеги ыйык Рамазан айы башталды. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы кечээ, өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулуп, дүйшөмбүдөн орозо камаларын маалымдаган. Бул айда мусулмандар 30 күн орозо кармап, таң аткандан күн батканга чейин тамактанышпайт, суу ичпейт. Рамазан айы бул жылы 10-апрелде Айт майрамы менен […]

Сизге жагышы мүмкүн