Аба ырайы: 27-декабрда кар жаайт

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 27-декабрга караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8,

Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +2…+7,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6,

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +6…+8 градус жылуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Газадагы согуш көпкө созулары айтылды

Израилдин Коргоо күчтөрүнүн Башкы штабынын төрагасы Герци Халеви ХАМАС тобун толугу менен жок кылуу үчүн сыйкырдуу чечимдер же кыска жолдор жок экенин билдирди. Анын айтымында, салгылашуулар көп айга созулат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн