Адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Кензабуро Оэ  көз жумду

Автор

Жапон жазуучусу, адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Кензабуро Оэ 89 жашында каза болду. Бул тууралуу The Japan Times гезити жазууда.

Маалыматка ылайык, өлүмүнүн себеби айтыла элек, бирок жазуучунун акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү.

Кензабуро Оэ 1935-жылы 31-январда Японияда туулган. Студент кезинен эле көркөм адабият жаза баштаган жана 23 жашында “Мал чарбасы” аттуу аңгемеси үчүн дебюттук авторлор үчүн Япониянын абройлуу Акутагава сыйлыгын жеңип алган.

Ошол эле учурда жазуучу согуш маалында эвакуацияланып, тагдырдын ырайымына кабылган өспүрүм балдар тууралуу «Бүчүрлөрдү жулуп,тукумду жок кыл» аттуу биринчи романын жарыкка чыгарган.

1994-жылы Оэ адабият боюнча Нобель сыйлыгын алган. Нобель комитетинин мүчөлөрүнүн айтымында, жазуучунун негизги эмгектери  “1860-жылдагы футбол” жана “Таттуу өткөнгө каттар” болгон.

Жазуучу өз чыгармаларында жапон жаштарынын өзүн таануу көйгөйлөрүн изилдеген, ошондуктан ага жапон Сэлинжер деген лакап ат берилген. Жазуучу өзөктүк куралды колдонууга каршы болгон, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары үчүн күрөшкөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркияда Кыргызстандан жеткирилген боз үйлөрдө окуучуларга сабак өтүлүүдө

Түркияга Кыргызстандан жеткирилген боз үйлөрдө окуучуларга сабак өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев соцтармактагы баракчасына бөлүштү.   «Түркиядагы жер титирөөдөн катуу запкы чеккен шаар Кахраманмараш. Хатайдан кийин Кахраманмарашка келдик. Кыргыз куткаруучулары ушул шаарда болду. Бул шаарда кыргыз куткаруучулары жөнүндө ар бир инсан өзгөчө сыймыктануу менен айтат. 120дан […]

Сизге жагышы мүмкүн