Россия менен Кытай Израиль-Палестина боюнча АКШнын резолюциясына каршы чыкты

Автор

Россия менен Кытай БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Израиль-Палестина чатагы боюнча АКШнын резолюциясына вето коюшту. БАЭ да бул демилгеге каршы добуш берди.
Бул демилгени Коопсуздук кеңешинин 10 мүчөсү колдоду. Добуш берүүдөн Мозамбик менен Бразилиянын өкүлдөрү калыс калышты.
Кытайдын уюмдагы туруктуу өкүлү Чжан Цзюнь АКШнын долбоорунда ок атышууну токтотуу чакырыгы жок экенин белгиледи.
“Долбоор олуттуу тең салмактуулукка ээ эмес жана эмне туура жана эмне туура эмес экенин чаташтырат. Ок атышууну токтотуу жана согушту токтотуу боюнча дүйнөнүн чакырыктарын чагылдырбайт”,-деди ал.
Кытай, Россия, БАЭ жана Бразилия түзөтүүлөрдү сунушташкан, бирок АКШ тараптардын негизги кооптонууларына көңүл бурбай, айрым өзгөртүүлөрдү киргизген.
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя да өз кезегинде Москва бул резолюцияны колдобой турганын, анткени америкалык документ ок атышууну токтотууну талап кылбаганын билдирди.
Белгиленгендей, өткөн апта соңунда АКШ Израиль менен Палестинанын айланасындагы кырдаал боюнча резолюциянын долбоорун БУУнун Коопсуздук Кеңешинде тараткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Күйүүчү-майлоочу майдын баасы туруктуу экендиги айтылды

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын баасы туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, дүйнөлүк мунай жана мунай продуктулары рыногу учурда баанын өсүшү менен мүнөздөлүп жаткандыгы айтылат. Белгилей кетсек, күйүүчү-майлоочу майлар биржалык товар болуп саналат, ошондуктан баалар түздөн-түз биржалык котировкалардан жана россиялык нефтини кайра иштетүүчү […]

Сизге жагышы мүмкүн