Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул билдирүү таратып, тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу тууралуу эскертти.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 20-21-ноябрында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Каракол — Эңилчек унаа жолунун 74-86 чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусуна кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Бул күндөрү жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.