Кыргызстанда орточо айлык маяна 33,6 миң сомду түздү

Автор

2024-жылдын январын карата Кыргызстанда орточо айлык маяна 33 миң 664 сомду түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.
Анын айтымына караганда, 2023-жылга карата өсүү 12,7% түзгөн.
“Орточо айлык маянанын артышы чекене жана дүң соода тармагында, кыймылсыз мүлк менен операциялар, авто жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш, суу менен камсыздоо жана тазалоо, кен казуу, ошондой эле транспорт жана жүктөрдү сактоо тармагында байкалды”, – деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте 17 кабаттуу 24 үй салынат

Борбор калаанын 11-кичи районунда 9,64 гектар жерге 17 кабаттуу 24 үй салынат. Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров турак жай комплексин курууга (капсула) мезгил кутусун салып жатып билдирди. Анын ичинен 40 050 квадрат/метр 500 батир Мамлекеттик ипотекалык компанияга берилет. Курулуш иштерин “Экспо строй” курулуш компаниясы ишке ашырааары, алардын акысына Бишкектен эки жер […]

Сизге жагышы мүмкүн