

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун уулу Петр Каримов мурдагы биринчи айым Татьяна Каримованы сотко берди. Алар мурас боюнча сотко кайрылышат.
Биринчи инстанциядагы соттук отурум 26-июнга саат 10:00гө Жарандык иштер боюнча Яккасарай райондор аралык сотуна дайындалды.
Петр Ислам Каримовдун Наталья Кучми менен биринчи никесинен уулу. Алардын никеси 1969-жылы аяктаган. Бул тууралуу расмий маалымат Ислам Каримов каза болгондон кийин гана белгилүү болгон.