Айчүрөк Назаралиева акыйкатчынын орун басарлыгына сунушталды

Автор

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер комитетинин жыйынында акыйкатчынын орун басары кызматына Айчүрөк Назаралиеванын талапкерлиги сунушталды.

Комитетке мүчө депутаттар талапкерди колдоп, аны парламенттин жалпы отурумуна көрсөтүүгө макулдук беришти.

Айчүрөк Назаралиева 1975-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. 1998-жылы Кыргыз улуттук университетин «укук таануу» адистигинде аяктаган.

Эмгек жолун 1998-жылы Бишкек коммерциялык коллежинде окутуучу болуп иштөө менен баштаган. 2001-2004-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окутуучулук кызматта уланткан. 2004-2007-жылдары жеке компанияларга юрист, коомдук фондго адвокат болуп иштеген.

2007-жылдан тарта Жогорку Кеңештин аппаратында улук консультант, эксперт кызматтарында иштеп, учурда бөлүм башчылык милдетти аркалап келет.

Бөлүшүү:
Next Post

Кара-Кулжада чакан ГЭС ишке берилди

Кара-Кулжа районунун Буйга айылында кубаттуулугу 400 кВТч болгон «Буйга-1» чакан ГЭСи курулуп, ишке берилди. Бул тууралуу Ош облусундагы президенттин өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, долбоорду «Энерджи Буйга» ЖЧКсы ишке ашырды. Эске салсак, курулуш иштери жеке ишкер Рамис Ыдырысов тарабынан 2021-жылы башталып, 2023-жылы бүткөрүлгөн. Учурда Кара-Кулжа районунун Чалма, Капчыгай айылдарын электр энергиясы […]

Сизге жагышы мүмкүн