Эпидемиолог жаңы пандемияга даярданууга чакырды

Автор

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эпидемиологу Ричард Пибоди канаттуулар тумоосу вирусу адамдан адамга жугуп, жаңы пандемияга себеп болушу мүмкүн экенин эскертти.
“Биз вирустун канаттуулардан адамдарга жугуу коркунучун азайтуу үчүн даяр болушубуз керек. Вирус адамдан адамга туруктуу түрдө жайылып, жаңы пандемияга алып келиши мүмкүн деген кооптонуулар бар”,-деди Пибоди.
Ал илимде бул вирустардын генетикалык ырааттуулугун анализдеп, аларга мониторинг жүргүзүп жатканын кошумчалады.
26-февралда ДССУ 2003-жылдан 2023-жылдын 25-февралына чейин 23 өлкөдө 873 адам А (H5N1) тумоосун жуктуруп алганын жана 458 адам көз жумганын билдирди.
Мындай тумоо канаттууларда кездешип, кээде адамдарга жугат. Бул дем алуу органдарынын оорусу жана сасык тумоого окшош белгилери бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Атактуу өзөктүк бункер ачылды

Данияда биринчи жолу туристтер үчүн Кансыз согуштан калган атактуу “Реган Вэст” өзөктүк бункери ачылды. Түндүк Ютландияда жайгашкан бункер болжол менен 350 кишиге ылайыкталган. Анын курулушу 60-жылдардын башында башталып, 1969-жылы аяктаган. Ядролук согуш болгон учурда баш калкалоочу жай Даниянын өкмөтү үчүн даярдалган. Бактыга жараша, жайлар эч качан өз максатына ылайык пайдаланылган […]

Сизге жагышы мүмкүн