reklam
reklam
hava 19° Orta
DOLAR 28,9208 % % 0.08
EURO 31,4850 % % -0.1
GRAM ALTIN 1.924,11 % % 1,83
ÇEYREK A. 3.145,92 % % 1,83
BITCOIN 1.123.384 % 1.037
Соңку кабар
reklam
Google News

Элдик Курултайга Ош облусунан 118 делегат катышат

Son Güncelleme :

21 ноября 2023 - 11:54

reklam
Элдик Курултайга Ош облусунан 118 делегат катышат
reklam

Үстүбүздөгү жылдын 15-декабрында Бишкекте өтчү II Элдик курултайга  Ош облусунан 118 делегат катышат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн  билдиришти.

“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында  Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо иштерин координациялоо боюнча иш-чаралардын календардык планына ылайык 2023-жылдын 18-ноябрь күнү Ош облусунун бардык аймактарында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындар өткөрүлдү.

Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерелердин кийлигишүүсүз өттү.

Жер-жерлердеги жыйындын катышуучуларына Элдик Курултай жөнүндө маалымат жана жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү шайлоо жөнүндөгү Жобого ылайык өткөрүү эрежелери тааныштырылып, Элдик Курулдайдын делегатынын квоталары айыл аймактардын калкынын санына карата бөлүштүрүлүп, жалпы Ош облусу боюнча 118 делегат шайланды”, -деп айтылат маалыматта

reklam