Адахан Мадумаров “KG Групптан” 250 миң доллар сураган

Автор

“Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун үстүнөн арызды мен жазгамын”, –  деп билдирди Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран. Анын айтымында, 2015-жылы парламенттик шайлоо мезгилинде Адахан Мадумаровдун суранычы менен бир талапкер таап келген. Ал сүйлөшүүлөрдөн кийин “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар төгүп, ошол эле кезде ага Чыңгыз Абдымомунов кепил болгон. Ага кепил болушун Адахан Мадумаров суранган. Жыйынтыгында, партия өтпөй калып, Чыңгыз Абдымомунов 2020-жылдын декабрь айында каражатты төлөп бүткөн. Бирок, ошондон бери партия лидери мындан качып, жолукпай, карызын бербей, создуктуруп келген.

“Силер адамча кийинип алган шайтандарга ишенбегиле. Мадумаровдун тарапташтарына кайрылып коёюн, ал силер ойлогондой периште эмес. Булар аферисттер”,- деди. Ал Мадумаровго кайрылып,  “акчамы берип коюңуз, жетишет, башты оорутпаңыз. Суракта бетме-бет келгенде далилдерими көрсөтөм”,- деп айтты.

 Адахан Мадумаров “KG Групп” курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташевден шайлоодо алдыңкы тизмеге киргизүү үчүн 250 миң доллар сураганын, бирок, ал баш тартканын айтып берди.

Бөлүшүү:
Next Post

БРИКС оюндары 2024-жылы Казанда өтөт

БРИКС оюндары 2024-жылдын июнь айында Казань шаарындагы 12 спорт объектисинде Орусиянын уюмга төрагалык кылуусунун алкагында өткөрүлөт. Бул тууралуу Орусиянын спорт министри Олег Матыцин билдирди. Маалыматка ылайык,  программага улуттук спорт боюнча БРИКС өлкөлөрүнүн сунуштарын эске алуу менен спорттун 22 түрү киргизилет. Матыцин белгилегендей, азыркы шарттарда БРИКСтин глобалдык маселелерди чечүүгө көмөктөшүүдөгү, анын […]

Сизге жагышы мүмкүн