Президент патент менен иштөө мөөнөтүн узарткан мыйзамга кол койду

Автор

Президент Садыр Жапаров «Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Документ салыктык башкаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыккан.
Электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуранын ордуна эсеп-фактураны алмаштыруучу документ киргизилди. Ошондой эле «айыл чарба даярдоочу» деген түшүнүк киргизилет жана алардын салык ставкасы белгиленген.
Патент менен иштөө системасы 2024-жылдын 1-июлуна чейин жылдырылды.
Былтыр 5-декабрда президент Садыр Жапаров «Дордой» базарында нааразылыкка чыккан соодагерлер менен жолугушуп, базарларда патент менен иштөө системасын 2024-жылдын 1-июлуна чейин калтырууну тапшырган.

Бөлүшүү:
Next Post

Эртеңден тарта мектептер кадимки тартипте иштейт

Бишкекте онлайн окуу бүгүн, 6-февралда дагы уланууда. Бала бакчалар да иштебейт. Ал эми 7-февралдан тарта бардык мектеп жана бала бакчалар кайрадан кадимки тартипте иштей баштайт. Белгилей кетсек, буга чейин Жылуулук электр борборундагы штаттан тышкаркы кырдаалга байланыштуу 2-февралдан баштап 6-фералга чейин (өзгөчө буйрукка чейин) Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин буйругунун […]

Сизге жагышы мүмкүн