reklam
reklam
hava 22° Orta/Rüzgârlı
DOLAR 23,3743 % % 0.5
EURO 25,4507 % % 1.95
GRAM ALTIN 1.480,17 % % 2,01
ÇEYREK A. 2.420,08 % % 2,01
BITCOIN 626.238 % 0.62
Соңку кабар
reklam
Google News

ФИФАнын президенти Кыргызстанга келет

Son Güncelleme :

25 апреля 2023 - 16:15

reklam
ФИФАнын президенти Кыргызстанга келет
reklam

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Джанни Инфантино Кыргызстанга келет. Бул тууралуу футбол союзунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, футбол уюмунун башчысы Кыргыз футболдук союзунун (КФС) президенти Медербек Сыдыковдун чакыруусу менен келүүдө жана анын өлкөбүзгө биринчи сапары болмокчу. 4-5-майга белгиленген сапарынын алкагында Джанни Инфантино Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен жолугушат.

«ФИФАнын жетекчисинин Кыргыз Республикасынын Президенти менен бирге Кыргыз футболдук союзунун жаңы административдик кеңсесинин ачылышына катышуусу пландалууда, анын курулушу «FIFA Forward» программасынын долбоорунун алкагында ишке ашырылган. Жолугушуулардын жүрүшүндө ФИФАнын Кыргыз футболдук союзунун демилгелерин колдоо, атап айтканда, өлкөдөгү футбол инфраструктурасын жакшыртуу жана ата мекендик футболду өнүктүрүү маселелери талкууланат», -деп айтылат маалыматта.

reklam