Финляндия 4-апрелде НАТОго кошулары айтылды

Wp Pw

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Финляндия 4-апрелде расмий түрдө Түндүк Атлантика альянсына мүчө боло турганын билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн НАТОго кирүүсү боюнча бардык процедуралар аяктаган.
«Бул тарыхый жума. Эртең биз Финляндияны Түндүк Атлантикалык альянстын 31-мүчөсү катары тосуп алабыз, бул Финляндия менен НАТОну күчтүү кылат»,-деди Столтенберг.
Финляндия 2022-жылы май айында Швеция менен бирге НАТОго кирүүгө арыз берген.

 

Next Post

Футбол боюнча кураманын башкы машыктыруучусу кызматынан кетти

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин кызматын тапшырды. Бул туурасында аталган союздан кабарлашты.   Маалыматка ылайык, Крестинин өз ара чечими кызматтан кетүүнү чечкен. КФС тизмектегендей Крестининдин жетишкендиктери:   2010-жыл – «Нефтчи» ФКнын башкы машыктыруучусу болуп дайындалып, клуб тарыхта биринчи жолу футбол боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону болгон. 2011 […]