Футбол боюнча кураманын башкы машыктыруучусу кызматынан кетти

Автор

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин кызматын тапшырды. Бул туурасында аталган союздан кабарлашты.

 

Маалыматка ылайык, Крестинин өз ара чечими кызматтан кетүүнү чечкен.

КФС тизмектегендей Крестининдин жетишкендиктери:

 

  • 2010-жыл – «Нефтчи» ФКнын башкы машыктыруучусу болуп дайындалып, клуб тарыхта биринчи жолу футбол боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону болгон.
  • 2011 — «Нефтчи» ФК Суперкубоктун ээси
  • 2014 — Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалган
  • 2017-жыл – «Дордой» ФКнын башкы машыктыруучусу болуп дайындалган, андан кийин клуб Кыргыз Республикасынын төрт жолку чемпиону болгон (2018-жылдан 2021-жылга чейин)
  • 2017, 2018 — «Дордой» ФК Кыргыз Республикасынын Кубогунун жеңүүчүсү
  • 2018 — FIFA рейтинги 146-орундан 75-орунга чейин
  • 2019 — Улуттук курама биринчи жолу Азия Кубогуна чыгып, 1/8 финалга чыкты
  • 2019 – «Данакер» мамлекеттик сыйлыгы
  • 2019, 2021 — «Дордой» ФК Кыргыз Республикасынын Суперкубогунун жеңүүчүсү
  • 2022 — Азия кубогу-2023 экинчи жолдомо

Белгилей кетүүчү жагдай, жаркын жеңиштердин бири Кыргызстандын Казакстан менен Түркмөнстанды биринчи жеңиши болду.

Бир нече жылдан бери ФИФАга мүчө өлкөлөрдүн курама командаларынын арасында туруктуу түрдө 100 мыкты командалардын катарына кирет.

 

Көптөгөн сыйлыктардын жана «Кыргыз Республикасынын мыкты машыктыруучусу» сыйлыгынын ээси.

Бөлүшүү:
Next Post

Ленин округунан депутаттыкка талапкерлердин саны үчкө жетти

  Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин саны үчкө жетти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.   Маалыматка ылайык, 31-мартта БШКга арыз менен үч талапкер кайрылган.   — Марат Арзыкулов; — Эркин Булекбаев; — Максат Кунакунов.   №26 Ленин бир […]

Сизге жагышы мүмкүн