Ереванда нааразылык акциясы башталды

Автор

Еревандын тургундары Армения өкмөтүнүн имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөрүшкөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Митингчилер Никол Пашиняндын өкмөтүнө каршы ураандарды кыйкырып, андан Тоолуу Карабактагы кырдаалга кийлигишүүнү жана аймактагы армян калкын азербайжандык аскерлердин аткылоосунан коргоону талап кылышууда. Өкмөт үйү полиция тарабынан курчоого алынган.
19-сентябрда түштөн кийин Азербайжан Тоолуу Карабакта антитеррордук чараларды жарыялап, Степанакертти аткылай баштады. Баку аскерий объектилер гана аткыланып жатканын ырастоодо.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн  Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим  Жуманазарова  килемге чыгат

Бүгүн, 20-сентябрда Сербиядагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык үч балбан кыз таймашка чыгат. 62 кг салмакта Айсулуу Тыныбекова үчүнчү ирет дүйнө чемпиону атанууга аракет көрөт. Ал таймашты 1/16 финалдан баштап, биринчи атаандашы польшалык балбан кыз Александра Волчинска болот. 68 кг салмакта Мээрим Жуманазарова 2021-жылдагы ийгилигин кайталап, экинчи ирет дүйнө чемпиону […]

Сизге жагышы мүмкүн