Украинанын чабуулунун мөөнөтү бекитилди

Автор

Украинанын бийликтери Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн каршы чабуулун баштоо убактысын бекитти. Бул тууралуу президент Владимир Зеленский Жогорку Башкы командачынын штабынын жыйынындагы видео кайрылуусунда билдирди. Бирок, ал конкреттүү даталарды атаган жок.
Анын айтымында, жыйында ок-дарылар менен камсыз кылуу, жаңы бригадаларды даярдоо, тактика, мөөнөттөрү да талкууланды. “Чечимдер кабыл алынды”, – деп баса белгиледи украин лидери.
Украинанын кургактагы күчтөрүнүн командачысы Александр Сырский Украинанын Куралдуу күчтөрү жакында активдүү чабуул операцияларына өтө турганын айткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Талапкер Ниязалиеванын добуш сатып алуу фактысына байланыштуу иш козголду

№26 Ленин шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгы жана добуш сатып алуу фактылары боюнча КР БШКнын төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров  маалымат берди. Шайназаровдун айтымында, Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна жалпы 12 арыз келип түшкөн. Анын ичинде Ниязалиеванын окуясы боюнча териштирүү жүрүп жатат. «Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын Ленин райондук ишкчи иштер […]

Сизге жагышы мүмкүн